super.kg logo
  Саясат  

Бишкектин мэри орун басарларын кызматтан алып, жаңыларын дайындады

 
Бишкек шаарынын мэринин орун басарлары Жамалбек Ырсалиев, Таалайбек Байгазиев жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Бакыт Шеримбеков ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу калаа бийлиги бүгүн, 17-июлда билдирди.
Маалыматка ылайык, тийиштүү документке шаар башчысы Айбек Жунушалиев кол койду.
Мэрдин отун-энергетика комплекси жана транспорттук блогу боюнча мэрдин орун басарларынын функцияларын аткаруу жана иштерин координациялоо ОЭК департаментинин директору Нургазы Курманбековго, ошондой эле транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге өткөрүлүп берилди.
Шаар башчысынын буйругу менен муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы болуп Т.Бекбоев дайындалды. Ал буга чейин Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп эмгектенип келген.
Ошондой эле шаар башчысы Ленин райондук администрациясынын акими Жыргалбек Шакиевди кызматынан бошотту. Ленин районунун акими болуп, буга чейин Октябрь районунун акиминин орун басары кызматын аркалап келген Тариел Айтиев дайындалды.
Шаар мэри Жунушалиев жаңы дайындалган жетекчилерге бардык жүктөлгөн милдеттерди тез арада чечүүнү тапшырып, мыйзам бузуулар болсо жоопкерчиликке тартыларын эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: