Сириянын убактылуу президенти Израилдин чабуулунан кийин кайрылуу жасады
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шараа Израилдин сокку урууларына жана өлкөдөгү кырдаалдын курчушуна байланыштуу кайрылуу жасады. Ал Сирияны жаңжал аймагына айлантууга жол бербестигин билдирди.
"Биз согуштан корккондордун катарына кирбейбиз. Өмүрүбүздү кыйынчылыктарга туш кылып, элибизди коргоо менен өткөрдүк. Сириялыктардын кызыкчылыгын башаламандыктан жана кыйроодон жогору койдук", - деп келтирет анын сөздөрүн SANA маалымат агенттиги.
Ахмед белгилегендей, Сирия кырдаалды өз алдынча жөнгө салууга кудуреттүү жана Израилдин аракеттери кырдаалды туруксуздаштырууга гана алып келет. Ал друздарга кайрылып, аларды "Сирия улутунун ажырагыс бөлүгү" деп эсептей турганын баса белгиледи. Ошондой эле ал коомчулукка кол салууга катышкандардын бардыгы жазаланарын убада кылды.
"Сирия эч качан араздашуу жайына айланбайт. Сиздин укуктарыңыз менен эркиндиктериңизди коргоо биздин приоритеттердин бири экенине ишендиребиз. Биз баарыбыз бул жерде союздашпыз", - деди Ахмед.
Ас-Сувейдадагы кырдаалга токтолгон аш-Шара шаарда башаламандыкка көнгөн кылмыштуу топтор иштеп жатканын билдирди. Анын айтымында, бул бандалардын лидерлери өз жеке кызыкчылыктарын улуттун кызыкчылыгынан жогору коюшат.
Эске салсак, 13-июлда Сувейда провинциясындагы бир катар друз конуштарына куралдуу топтор кол салганы, анын натыйжасында провинцияны Дамаск менен байланыштырган унаа жол да жабылып калганы белгилүү болгон. Граждандык калкты коргоо үчүн друздардын өзүн-өзү коргоо отряддары куралдуу топтор менен согушка киришкен. Эки тараптан тең каза болгондор, жарадар болгондор жана туткундар бар.
Друз күчтөрү менен бедуин топторунун ортосундагы кагылышуулар уланып жаткан Сувейда провинциясында Израил сокку уруусун күчөттү.

