Орусия менен Украина каза болгон аскерлердин сөөгүн алмашышты
Орусиянын сүйлөшүү делегациясынын башчысы Владимир Мединский Украина менен каза болгон аскерлердин сөөгүн алмашканын ырастады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда орус басылмалары жазышууда.
Анын айтымында, Орусия тарап Украинага 1000 жоокердин сөөгүн өткөрүп берип, 19 орусиялык аскердин сөөгүн кайтарып алган.
Мединский бул алмашуу Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдүн алкагында жетишилген келишимдерге ылайык жүргүзүлгөнүн билдирди.
Орусиялык тараптын билдирүүсүнөн көп өтпөй Украинанын туткундар боюнча координациялык штабы да алмашууну ырастады. Алар өз билдирүүсүндө мындай деп жазышты:
«Жүргүзүлгөн репатриациялык иш-чаралардын жыйынтыгында Украинага 1000 жоокердин сөөгү кайтарылды».
Мединскийдин айтымында, буга чейин Орусия Стамбулдагы сүйлөшүүлөр учурунда Украинага жалпы 6000 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп берүүнү убада кылган. 16-июнда ал Орусия 6060 украин аскеринин сөөгүн өткөрүп бергенин, ал эми Украина тараптан 78 орусиялык жоокердин сөөгү алынганын билдирген.
Кийинчерээк Мединский Москва Украинага дагы 3000дей аскердин сөөгүн өткөрүп берүүгө даяр экенин кошумчалады.

