super.kg logo

Улуу Британияда үч ата-эненин ДНКсы менен алгачкы балдар төрөлдү 

 

Улуу Британияда үч ата-эненин ДНКсы менен алгачкы балдар төрөлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Британияда жаңы технологиянын жардамы менен биринчи жолу сегиз дени сак ымыркай төрөлдү. Бул ыкма энелерден балдарга өтүшү мүмкүн болгон генетикалык мутацияларды жоюуга шарт түзөт.

Илимпоздор эненин жумуртка клеткасынан алынган материалды колдонушкан, анда мутацияланган гендин маалыматтары алмаштырылып, бузулган митохондриялар алып салынган. Андан соң бул материал ден соолугу чың донор аялдын жумуртка клеткасына же эмбрионуна көчүрүлгөн.

Мунун жыйынтыгында бала үч адамдын, тагыраагы, биологиялык ата-энесинин жана донор болгон аялдын ДНКсы менен төрөлөт.

Бул изилдөөгө 22 аял катышып, алардын ичинен 7си боюнда болуп, 8 бала жарык дүйнөгө келди. Текшерүүнүн жыйынтыгында 5 балада такыр генетикалык оору белгилери табылган эмес.

Бул ыкма тубаса оорулардан сактоонун жаңы мүмкүнчүлүгү катары каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: