Жалал-Абадда жер титирөө катталды
Бүгүн, 18-июлда саат 01:27де Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Маалымдагандай, жер силкинүүнүн очогу Токтогул районундагы Көк-Бел айылынан 3 чакырым түштүк-чыгышта, Кетмен-Төбө айылынан 18 чакырым түштүк-батышта, Кара-Көл шаарынан 20 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Көк-Бел айылында 3 баллга, Кетмен-Төбө айылында 2,5 баллга сезилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.