УКМК Бишкектеги жолдордун сапатын текшерүүгө алды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги жолдордун сапатын текшерүүгө алганын билдирди.
Атайын кызмат мындай чечим соңку учурда борбор калаадагы жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшүндө мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер болуп жатканын көрсөткөн материалдар социалдык тармактарга тарап жатканынан улам кабыл алынганын белгиледи.
"2024-жылдын жыйынтыгы боюнча шаардын негизги жолдорун оңдоого 1,38 миллиард сом өздөштүрүлгөн. Ал эми шаардын көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштерине 2025-жылга бюджеттен 5 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул эң катуу көзөмөлдү талап кылган, масштабы боюнча болуп көрбөгөндөй каржылоо экенин белгилей кетүү керек",- деп айтылат маалыматта.
Мындан улам УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин комплекстүү текшерүүгө багытталган тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгы менен мүчүлүштүктөрдүн, техникалык ченемдердин бузулушунун, ошондой эле иштин көлөмүн же наркын ашыкча баалоо фактылары ырасталган учурда мыйзамдын чегинде күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу чаралары көрүлөрүн кошумчалады.
