Бишкек ЖЭБдин түтүгү сырдалууда




Бишкек Жылуулук электр борборунда 300 метр бийиктиктеги түтүктү сырдоо жана жарыктандыруу боюнча масштабдуу иштер башталды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдагандай, мындай бийиктиктерде түтүктөрдү жуу, сырдоо жана жарык берүү боюнча толук масштабдуу иштер ЖЭБ ишке киргизилгенден бери биринчи жолу болуп жатат. Сырдоо жөн гана эстетикалык көрүнүштү тартуулап койбостон, маанилүү техникалык милдетти да аткарат. Металл конструкцияларын даттан коргоп жана объекттин иштөө мөөнөтүн узартат.
⠀
Мэрия иштер коопсуздук техникасы жана экологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөрүн белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.