Милиция Араванда асынып алган келиндин окуясы боюнча маалымат берди

Билдирүүгө ылайык, 29-июнда милицияга Төө-Моюн айыл аймагында 20 жаштагы келин үйдүн ичинде асынып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, күбөлөр суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
3-июль күнү Ош ОИИБинин башчысынын орун басары Урматбек Сматов жерине барып, социалдык тармактарда айтылган дооматтар боюнча маркумдун туугандарынын пикирин угуп, тергөө кызматына кошумча тапшырмаларды берген.
Текшерүүнүн жүрүшүндө маркум мурда зомбулукка кабылып, ички иштер органдарына же ооруканага кайрылгандыгы тастыкталган эмес.
Андан сырткары, маркумдун 30 жаштагы жолдошу 13-июлда жүрүм-туруму башкача болуп, “мен Айзирекке барам, аны мен өлтүрдүм” деп жаткандыгы жөнүндө видео социалдык тармактарда жүктөлгөн. Мындан улам ага карата соттук психолого-психиатриялык экспертиза дайындалган.
Учурда текшерүү иштери уланууда.
Эске салсак, 3-июлда Араван районунда 23 жаштагы келин асынган абалда табылганы маалымдалган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.