super.kg logo

Жалал-Абадда асма жол куруу пландалууда

 
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Жалал-Абад шаарына келген франциялык инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун алкагында тараптар туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган, шаар менен Курорт аймагын туташтырган асма жол куруу демилгесин талкуулашты.
Нурлан Эрматов бул долбоор ишке ашырылса, Жалал-Абад шаарынын туристтик потенциалы кыйла кеңейип, ички жана тышкы туристтер үчүн кошумча шарттар түзүлөрүн белгиледи.
Жолугушууда инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, техникалык-экономикалык негиздеме даярдоо, аймактын инфраструктуралык абалы жана мыйзамдык база боюнча кеңири пикир алмашуу болду. Өз кезегинде франциялык тарап бул долбоорго кызыкдар экенин билдирип, кызматташууга даяр экенин кошумчалашты.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: