АКШ Мексика менен чек арага кошумча дубал тургузууда
АКШ түштүк-батыш чек арасында, тактап айтканда Нью-Мексико штатында, Мексика менен болгон тилкеге жаңы темир тосмо курууну баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Дубалдын узундугу 11 чакырымды түзүп, ал чек арадагы кооптуу тилкелерди жабууга жана коопсуздукту бекемдөөгө багытталган. АКШнын Бажы жана Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, жаңы тосмо операциялык иш-чаралардын натыйжалуулугун да арттырат.
Мындан тышкары, АКШ ички коопсуздук министри Кристи Ноем Аризона жана Нью-Мексико штаттарында дагы 58 чакырым чек ара дубалын куруу боюнча тапшырма берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-18

12:14
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.