Трамп Эпштейнге байланыштуу макала жазган басылманы сотко берди
АКШнын президенти Дональд Трамп медиа магнат Руперт Мердокту жана анын компанияларын каралоо, жалган маалымат таратуу боюнча сотко берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Truth Social социалдык баракчасында билдирди.
Трамп белгилегендей, ал The Wall Street Journal (WSJ) гезити жарыялаган макалада жалаа жабуу жолу менен анын кадыр-баркына олуттуу зыян келтирилгенин айтууда. Макалада Трамптын белгилүү ишкер жана педофилдик иш боюнча айыпталган Жефри Эпштейнге белек жөнөткөнү айтылган. Трамп бул билдирүүнү жалган жана атайылап жасалган каралоо деп атап, басылмага каршы доо арыз даярдаганын билдирген.
«Бул доо силердин президентиңердин гана атынан эмес, ошондой эле жалган маалымат тараткан медианын чабуулуна каршы америкалыктардын укуктарын коргоо үчүн берилүүдө. Эми эл мындай кордоого чыдабайт», – деп жазды Трамп өз билдирүүсүндө.
Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, Трамп Мердоктон кеминде 10 миллиард доллар өлчөмүндө компенсация талап кылууда.
Эске сала кетсек, Жефри Эпштейн 2002–2005-жылдары Нью-Йорктогу (Манхэттен) үйүнө ондон ашык жашы жете элек кыздарды чакырып турган деп айыпталган. Тергөө учурунда кыздардын эң жашы болгону 14 жашта экени аныкталган. Мындан сырткары ал жашы жете электерди өзүнүн жеке аралына да алып барып турганы тууралуу маалыматтар да айтылган.
