super.kg logo

Зеленский кийинки жумада Орусия менен сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жаңы катчысы Рустем Умеров Орусия тарапка келерки жумага жаңы сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

«Сүйлөшүүлөрдүн динамикасын күчөтүү керек. Ок атышууну токтотууга жетишүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктү колдонуу зарыл», — деди Зеленский.

Эскерте кетсек, Украина менен Орусия 16-майда жана 2-июнда Стамбул шаарында эки жолу жолугушуу өткөрүшкөн. Бул сүйлөшүүлөр тараптардын ортосундагы пикир келишпестиктерди көрсөтсө да, андан кийин бир нече жолу туткундардын жана каза болгондордун сөөктөрүн алмашуу иштери жүргүзүлгөн.

Бул сүйлөшүүлөрдө Рустем Умеров Украинанын коргоо министри катары делегацияны жетектеген. Азыр болсо ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды.

Зеленский ошондой эле Орусия менен Украина лидерлеринин жолугушуусу өтө маанилүү экенин дагы бир жолу белгилеп, өзү мындай жолугушууга даяр экенин билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн так датасы азырынча жарыяланган жок. Ошондой эле Орусия тарап бул сүйлөшүүлөр боюнча расмий маалымат бере элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: