Айпери Медет кызы Будапешт шаарындагы эл аралык турнирде өлкө намысын коргойт
Айпери Медет кызы Будапешт шаарындагы эл аралык турнирде Кыргызстандын намысын коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Будапешт шаарында өтүп жаткан (Polyak Imre & Varga Janos 2025) турнирдин үчүнчү күнүндө кыз-келиндер күрөшү таймаштарын жыйынтыктап, килемге грек-рим күрөшүнүн балбандары чыгат. Кыз-келиндер төмөнкү салмактык категорияларда күч сынашат: 55 килограмм, 62 килограмм, 65 килограмм, 68 килограмм жана 76 килограмм.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар 72 килограмм, 87 килограмм жана 130 килограмм салмакта таймашат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын атынан турнирге жалгыз спортчу Айпери Медет кызы катышат. Ал 76 килограмм салмак категориясында күрөшөт. Чүчү кулак кармоонун жыйынтыгында ал биринчи айлампаны өткөрүп жиберет. Ал эми чейрек финалда АКШдан Даймон Гилфорд менен Канаданын спортчусу Элизабет Рулонун беттешиндеги жеңүүчү менен таймашат.
