super.kg logo

Песков: "Путин менен Трамптын жолугушуусу зарыл"

 

Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин менен Дональд Трамптын жолугушуусу зарыл экенин айтты.

«Бул жолугушуу мүмкүн, убактысы келгенде сөзсүз болот. Ал зарыл», — деди Песков.

Кремлдин өкүлүнүн айтымында, эки мамлекет башчысынын жолугушуусу «убагы келгенде сөзсүз болот».

Песков белгилегендей, Путин менен Трамп жеке жолугушууда чоң макулдашууларга жетише алышат, бул көп эмгектин жыйынтыгы болот. Бирок азырынча андай учур келе элек.

18-июлда The Times басылмасы Трамп, Путин жана Си Цзиньпин сентябрь айынын башында Кытайда жолугушуусу мүмкүн экенин жазды.

Макалада айтылгандай, АКШ президенти Кытай жана Орусия лидери менен саммиттин алкагында жолугушууга чакырылышы мүмкүн. Бул жолугушуу Вашингтон менен Бээжиндин ортосунда бир катар соода келишимдерине жетишилгенден кийин уюштурулушу ыктымал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: