Рацекке саякат: 3370 метр бийиктиктеги жаратылыш менен жан дүйнөнүн тынчтыгы
Жаратылышка жакындык — бул жөн гана ден соолукту чыңдоо эмес, руханий кайра жандануунун булагы. Акыркы күндөрү мен дал ушундай бир өзгөчө тажрыйбаны баштан кечирдим: Рацекке болгон сапар.
Рацекке баруу үчүн таңкы саат 5те уйкудан туруп, 5:30да үйдөн чыктым. 6:30да Ала-Арчага жетип, 7:30да Рацекке карай бет алдым. Эч кандай турсуз эле, өз алдынча эле чыгып келсе да болот экен, ушул вариант көбүрөөк жакты мага.
Рацек — бийик тоолордогу бейиш
3370 метр бийиктикте жайгашкан бул кооз аймак Чүй өрөөнүнөн анча алыс эмес. Бирок ал жакка жетүү — жөнөкөй эмес. Бийиктик, тик жолдор жана татаал аба ырайы сени сынайт. Ошол эле учурда ар бир кадам сайын табият өзүнүн ажайып сулуулугу менен кубандырып турат: шаркыраган суулар, көк тиреген карагайлар жана асман менен жердин чегин билгизбеген карлуу чокулар. Чоку — ар бир адамдын ички максаты. Ага жетүү үчүн тырыш керек, бирок ошондо гана сен чыныгы эркиндикке жетесиң. Тоонун тыптынч чокусунда туруп, артыңа кылчайып карасаң — физикалык бийиктик эмес, руханий жеңиш турат.
4 жарым саат дегенде Рацекке жетип, тоонун боорунда түшкү тамакты жедик. Ал жыйынтыктагы таасирлер азыр да жүрөгүмдө жашайт. Тоого көтөрүлүп барганда ар бир кадам өзүнчө сынак болду, бирок ошол сыноолор мага жаңы күч берип, канааттануу тартуулады.
Асман ачык, аба таза, ал тургай дем алганда канааттануу сезими толкундатты. Тоонун бийиктигинде турганда көз жоосун алган көрүнүштөрдү көрүп, табияттын күчүн жаным менен сездим. Жаратылыштын суктануусуна бөлөнүп, ал жагдайда өзүмдү дүйнөнүн бир бөлүгү катары кабыл алдым.
Укмуштуудай сезимдерге бөлүнүп, кайра ылдыйды көздөй багыт алдык. Жерге түшүү да 4 жарым сааттык убактыбызды алды. Көтөрүлгөнгө караганда, түшүү бир аз оордой сезилди.
Альпинизм — бул жан дүйнө менен диалог
Тоого чыгуу — жөн гана спорт эмес, бул өзүң менен болгон терең маек. Ар бир бийиктик сени сынайт: чыдамдуулугуңду, эркиңди, демиңди. Рацекке болгон сапарда мен физикалык гана эмес, мүнөз жагынан да сынактан өттүм. Айрыкча дем жетпей калган учурларда, артка кайтпай, алдыга умтулуу — бул альпинизмдин эң чоң сабагы экен.
Сапардын тынчтыгы жана сабактары
Тоонун боорунда отуруп, суу жээгинин шыбыры менен тынчтыкты угуу — сөз менен жеткире алгыс. Бул жакта убакыт жай агат, ойлор тазаланат, жүрөк жеңилдейт. Рацек мага табигый тынчтык менен жашоонун чыныгы баалуулуктарын эскертти...
Корутунду
Ошентип таңы саат 5те башталган сапарым, кечки саат 8де аяктады...
Бийик тоого чыгам дегендердин эсине: Ыңгайлуу бут кийим, треккинг таякчалары, жылуу жана ыңгайлуу кийим болушу керек. А чыныгы альпинисттер мындан сырткары дагы көп нерселер керек деп айтышы мүмкүн. Бирок жаңыдан тоого чыгып баштагандарда мен атаган нерселер болсо эле чыгып келе алат...
Рацек — жаратылыш менен жан дүйнөнүн кесилишкен жери. Бул сапар мага эрктин күчүн, тоонун улуулугун жана табияттын таза энергиясын тартуулады. Кайрадан баргым келет. А сенчи?

