Сирия менен Израил тынчтыкка кадам таштады – ок атышпоо келишими күчүнө кирди
Жекшемби күнү Сирия менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу АКШнын Түркиядагы элчиси жана Сирия боюнча атайын өкүлү Том Баррак билдирди.
Анын айтымында, келишим Дамаск убактысы боюнча саат 17:00дө күчүнө кирип, бардык тараптар согуштук аракеттерди токтотууга макул болушкан.
Баррак мындан кийинки негизги кадам катары барымтадагыларды жана туткундарды алмашууну атады.
Белгилей кетсек, бир күн мурда эле Сирия бийлиги ок атышпоо режимин дароо ишке киргизерин жарыялаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:47
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.