U-23: Кыргызстан-Оман беттеши тең чыгуу менен аяктады










20-июль күнү Бишкек шаарында өтүп жаткан олимпиадалык курамалар (U-23) арасындагы эл аралык футбол мелдешинин алкагында Кыргызстан
-Оман беттеши өтүп, оюн тең чыгуу менен жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Ал эми катарлаш өтүп жаткан “Достук Арена” стадионундагы беттеш, 1:1 эсебинде Сирия-Бахрейн курамаларынын тең чыгуусу менен жыйынтыкталды.
Эске салсак, 23-июль күнү Кыргызстан-Бахрейн беттеши өтөт.
Мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия Кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курама командасы, E тайпасына Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка курамалары менен күч сынашат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:07
2025-07-21

9:10
2025-07-21
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.