super.kg logo

Адамдар куруп жаткан суу сактагычтар Жердин тең салмагын өзгөртүп жатат

 

Гарвард университетинин окумуштуулары дүйнө жүзү боюнча курулган ири суу сактагычтар Жердин геофизикалык тең салмагын жана магниттик уюлун өзгөртүп жатканын аныкташты. Алардын маалыматына ылайык, бул суу сактагычтар Жердин түндүк магнит уюлун 1 метрге жакын жылдырган. Бул изилдөө "Geophysical Research Letters" журналына жарыяланды.

Изилдөөнү жетектеген жер физикасы боюнча адис Наташа Валенсич жана анын командасы 7 миңге жакын ири суу сактагычтагы суунун топтолушу Жердин айлануу огун жана ички структурасындагы магнит талаасын жараткан борборго карата жылышына себеп болгонун билдиришти. Бул көрүнүш "чыныгы уюлдук жылыш" (true polar wander) деп аталат. Анын маңызы - Жердин ички магнит уюлдары ордунда калганы менен, сырткы катмар (жер кабыгы) ошол уюлга карата ордун өзгөртөт.

Суу сактагычтардын толтурулушу океандардан чоң көлөмдө суунун тартылып калышына алып келип, дүйнөлүк масштабда деңиз деңгээлинин 21 миллиметрге төмөндөшүнө себеп болгон.

Уюлдун багыты өзгөрдү:

  • 1835–1954-жылдар аралыгында Европада жана Түндүк Америкада курулган суу сактагычтардын айынан Түндүк уюл 20 сантиметр чыгышты көздөй, башкача айтканда Орусия багытында жылган.
  • 1954–2011-жылдар аралыгында болсо Азия менен Чыгыш Африкадагы курулуштардын натыйжасында уюл 57 сантиметр батышка, башкача айтканда Түндүк Америка тарапка жылган.

"Бул көрүнүш бизди жаңы муз дооруна алып келбейт. Бирок деңиз деңгээлине тийгизген таасири олуттуу. Бардык экосистемага таасир бериши мүмкүн",- деп белгиледи Наташа Валенсич.

Алардын эсеби боюнча, адамзат курган суу сактагычтар дүйнө жүзүндө акыркы 100 жылда болууга тийиш болгон деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн жылына 1.2 миллиметр азайтып, жалпысынан жылдык өсүштүн 25 пайызын кармап турат.

Адистердин айтымында, азыркы тапта адамзаттын аралашуусу магнит уюлдарынын жылышынан тартып, атмосферанын бузулушуна, океан агымдарынын өзгөрүшүнө, жанар тоо активдүүлүгүнө чейин байкалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: