Ынтымак Ордодо кыргыз-монгол лидерлери талкуулаган маселелер
Президент Садыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык тууралуу сөз кылды.
Өлкө башчы өз сөзүндө тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиледи.
"Урматтуу Хурэлсух мырза экөөбүз маанилүү документке – Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүктү түзүү боюнча биргелешкен декларацияга кол койдук.
Ушуну менен бүгүн бекем достукка негизделген кызматташтыгыбыз ар тараптуу өнөктөштүккө багыт алды.
Жогорку жана эӊ жогорку деңгээлдердеги үзгүлтүксүз байланыштардын, парламенттер жана ведомстволор аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Биз эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн маанилүү механизми катары парламенттер аралык диалогду ар тараптан өнүктүрүүнү макулдаштык.
Экономикалык байланыштарды жигердендирүү, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, бизнес жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча толук түшүнүшүүгө жетиштик.
Айкын натыйжаларга жетишүү үчүн, бул сапардын алкагында биздин компаниялар кыргыз-монгол бизнес форумун өткөрүшөт.
Соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн олуттуу дарамет бар экендиги белгиленип, ишкерлер менен өлкөлөрүбүздүн региондорунун ортосунда түз бизнес байланыштарды кеңейтүү зарылчылыгын баса белгиледик.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аймактык транспорттук байланышты кеңейтүү жана логистикалык өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу, анын ичинде транспорттук коридорлорду пайдалануу маселелери талкууланды.
Мамлекеттерибиздин катышуусу менен атаандаштыкка жөндөмдүү жаңы эл аралык транспорттук коридорлорду түзүү эң маанилүү милдеттердин бири деп аныкталды.
Тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө эки тарап тең кызыкдар экени белгиленди. Кендерди казып алуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда, алдыңкы тажрыйбаны алмашуу маселелери каралды.
Маданий-гуманитардык чөйрөдө, анын ичинде билим берүү, илим жана туризм тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендигибиз ырасталды.
Академиялык жана илимий алмашууларды жигердендирүүгө, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууга, жогорку окуу жайлардын, маданий жана илимий мекемелердин ортосундагы байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Биз жаштар менен чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле тарыхый-маданий мурастарды сактоого жана элдерибиздин жалпы руханий баалуулуктарын илгерилетүүгө багытталган долбоорлорду колдоону макулдаштык",- деди президент.
Президент сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эл аралык жана аймактык маселелер боюнча да пикир алмашуу орун алганын кошумчалады.
"Глобалдык жана аймактык күн тартиптеги көптөгөн маселелер боюнча позициялардын окшоштугу белгиленип, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну кеңейтүүгө, ошондой эле эл аралык аянтчада бири-бирибиздин демилгелерибизди колдоого даяр экенибизди өз ара ырастадык.
Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү катары Монголиянын ЕАЭБ менен экономикалык интеграциясын колдоого дайым даяр экендигин белгиледик.
Ушул контекстте биз үстүбүздөгү жылдын июнь айында кол коюлган Монголия менен Евразиялык экономикалык биримдиктин ортосундагы соода келишимди экономикалык өз ара аракеттенүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачкан маанилүү инструмент катары баалай турганыбызды белгилегим келет.
Жалпысынан биз кыргыз-монгол көп кырдуу кызматташтыгын ары да чыңдоого дилгир экенибизди ырастадык.
Бизде эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берген көптөгөн иштер жана пландар бар.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча кызматташуунун келишимдик-укуктук базасын чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда долбоорлорду ишке ашырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду",- деп сөзүн жыйынтыктады Жапаров.
Айта кетсек, Монгол лидери Ухнаагийн Хурэлсух 20-июлда Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Анын алкагында эки өлкө ортосундагы кызматташтык максатында эки тараптуу бир нече документтерге кол коюлду.


