Ысык-Көлдө "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы өтүп жатат







Ысык-Көлдө "Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июлда ачылышы өттү. Иш-чара үч күнгө созулат.
Фестивалда орусиялык "AY YOLA" тобунун, 2013-жылы аталган сынактын баш байгесин алган казакстандык ырчы Димаш Кудайбергендин катышуусу күтүлүп жатат. Буга чейин Димаш Кудайберген фестивалда акысыз ырдап берери айтылган. Ал фестивалдын акыркы күнү — 22-июлда ырдайт.
Жөн гана музыкалык сынак эмес, маданияттар аралык диалогго өбөлгө түзгөн, достукту бекемдеген ири аянтча “Мейкин Азия” IV эл аралык фестивалынын алгачкы күнү жыйынтыгы. Анда дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн келген катышуучулар сахнада өнөрлөрүн тартуулашты.
Биринчи турдун жыйынтыгы төмөндөгүдөй чыгарылды:
— Кира Гоголадзе (Орусия) – 70 упай;
— Урмат Сатыбалдиев (Кыргызстан) – 69 упай;
— Мария-Диана Стынчуляша (Румыния) – 67 упай;
— Полина Тасева (Македония) – 66 упай;
— Камир (Кыргызстан) – 64 упай;
— Дроб Виталий (Беларусь) – 64 упай;
— Аса Едже (Түркия) – 64 упай;
— Avarzed Naranbaatar (Монголия) – 63 упай;
— Эсма Нуманович (Босния жана Герцеговина) – 62 упай;
— Тулкин Таджиев (Өзбекстан) – 61 упай;
— Эрнак Карабальо (Аргентина) – 61 упай;
— Анджела Шутич (Сербия) – 60 упай;
— Бекжан Кайратулы (Казакстан) – 60 упай;
— Альфия Нигматуллина (Башкортостон) – 60 упай;
— Арууке Атантаева (Кыргызстан) – 59 упай;
— Фредерик Д`Анджело (Франция) – 58 упай;
— Габриэла Брайчич (Хорватия) – 58 упай;
— Виктория Сильвая Рубин (Польша) – 57 упай;
— Алмас Хусаинов (Татарстан) – 57 упай;
— Майя Маринчич (Словения) – 57 упай;
— Николас (Испания) – 57 упай;
— Ариана Доготар (Молдавия) – 56 упай;
— Маммадли Санан Камран оглу (Азербайжан) – 56 упай;
— Франклин Каллея (Мальта) – 55 упай;
— Кирилл Матвеев (Якутия) – 54 упай;
— Сафарзода Афзалшолх (Тажикстан) – 52 упай;
— Христос Телевандос (Греция) – 44 упай.
Белгилей кетсек, упайларга көрүүчүлөрдүн добуштары да кошулат.
Мейкин

