super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте кыргыз-монгол кызматташтыгы талкууланды

 

Бүгүн, 21-июлда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Өкмөт башчысы бул мамлекеттик сапар мамлекеттер аралык достук мамилелердин тарыхында жаңы барагын ачарын баса белгиледи.

"Кыргызстан менен Монголиянын элдеринин гүлдөп өсүшү үчүн биздин мамилелерибиздин жаркын келечегине ишенем. Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту жогору баалайбыз жана элдерибиздин кызыкчылыгы үчүн жемиштүү кызматташтыкты бекемдөөгө, ишенимди арттырууга жана бардык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө ниеттенебиз",- деди ал.

Касымалиев Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын өнүгүшүндөгү оң динамиканы белгиледи. 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 10,2 миллион долларды түзүп, 2023-жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 эсеге көбөйдү.

Монголиянын президенти жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган документтер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз болоруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл чарба, тоо-кен тармагы, транспорт, экология, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин да талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: