Дубайда сабалган модель Мария Ковальчуктун абалы айтылды





Март айында Дубайда жолдун жээгинен оор жаракаттары менен денеси кесилген абалда табылган 20 жаштагы украиналык модель Мария Ковальчуктун абалы айтылды.
Ага 12 жолу операция жасалып, медициналык кызматкерлердин жардамы менен гана төшөктөн тура алганын апасы Анна билдирди.
Модельдин апасынын айтымында, кыз азырынча эч нерсе билбейт.
"Ал биринчи жолу көзүн ачканда жүрөгүм токтоп калат деп ойлогом. Мен бул учурду чындап чыдамсыздык менен күтүп жаткам, бирок ал мени карап, мени тааныбаганын түшүндүм. Реакция жок",- деген ал.
Катуу токмок жегенден кийин адам депрессияга кабылышы же посттравматикалык стресстин бузулушуна чалдыгышы мүмкүн, мунун баары жабырлануучунун психикасына көз каранды экендигин психиатр Василий Шуров билдирди.
"Мындан кийин ар кандай шарттар болушу мүмкүн. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, эгерде адам өмүрүнө коркунуч туудурган болсо, стресс өөрчүшү мүмкүн. Же депрессия башталышы ыктымал. Бирок видеодо Ковальчук өзүн кыйла токтоо алып жүрөт, калыбына келтирүүгө багытталган. Чынында, ар бир адамдын психикасы ар кандай реакция кылат - кээ бир адамдар күчтүү, алар кадимкидей эле жашап кетишет",- деп белгиледи психиатр.
Эске салсак, психиатр айткан видео кыздын журналист Ксения Собчак менен болгон маегинен үзүндү. Модель коляскада отуруп, Дубайдагы досторуна конокко кантип келгенин жана кийинчерээк мейманканада жашаган жигит менен таанышканын айтып берген.
Жаш жигит жана анын достору араб эмес, украин улутунан болгон. Алар миллионерлердин балдары.
Ковальчуктун айтымында, аны шылдыңдап, кийимин чечип, бүгүн биз каалаган нерсени аткарасын деп коркутушкан. Балдар анын паспортун алып коюшкан. Кыз мейманканадан качып чыгып, жанындагы имаратка жашынып алган. Андан кийин эмне болгону анын эсинде жок, бирок катуу сокку, ур-токмокко алынганы факт.
