Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү туру шаршемби күнү Стамбулда өтөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский согушту токтотуу үчүн Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Түркияда, тактап айтканда, шаршемби күнү Стамбул шаарында өтүшү пландалып жатканын билдирди. Ал бул тууралуу кечээ, 21-июль күнү кечинде тараткан видео кайрылуусунда өлкөсүндөгү акыркы окуяларды баяндап жатып айтты.
Зеленскийдин айтымында, орус аскерлери кечээ Киев жана башка аймактарга массалык аба соккуларын жасашкан. Бул сыяктуу чабуулдарды токтотуу үчүн Украинага көбүрөөк абадан коргонуу системи керек экенин белгиледи.
"Бул согушту Орусия баштаган. Аны токтотуш да алардын милдети. Бул согуш Орусиядан башка эч кимге керек эмес",- деди Зеленский.
Ал ошондой эле Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров менен жолугушканын жана анда Орусия менен пландалып жаткан туткундарды алмашуу программасы тууралуу талкуу болгонун кошумчалады.
Зеленскийдин айтымында, Умеров менен болгон жолугушууда Түркияда өтө турган сүйлөшүү жараяны да талкууланган.
"Умеров бул жолугушуу шаршемби күнү өтөрүн билдирди. Эртең бул тууралуу кеңири маалымат берилет",- деди ал.
