super.kg logo

Өзгөндө чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз Кыргызстандын жарандыгын бергендер аныкталды

 

Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун кызматкери Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы менен кылмыштуу макулдашууга кирип, акчалай сыйлык алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга туулгандыгын аныктаган жасалма сот чечимдерин системдүү түрдө берип турушкандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалымдалгандай, жалпы 16 чет өлкөлүккө Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз беришкен.

9-июлда Өзгөн райондук сотунун кызматкери И.Ы. жана министрликтин өкүлү С.Э. кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 337 жана 347-беренелери боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз паспорт берүү” боюнча кылмыш иши козголду.

Ош шаардык соту айыпталуучуларды эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды. Учурда тергөө уланууда.






УКМК кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: