super.kg logo

3 күндүк каникул, жаңы окуу системи. Быйылкы окуу жылында кандай өзгөрүүлөр болот?

 

Жаңы окуу жылы башталарына аз гана убакыт калды. Буга байланыштуу билим берүү мекемелери оңдоп-түзөө иштери менен алек болуп жатса, мугалимдер 12 жылдык окуу системине өтүү алдында октуулардан өтүп жаткан чагы. Бул макалада окуу жылында күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр, окуу пландары тууралуу сөз кылабыз.

Эми билим берүү тармагын эки министрлик тейлейт

Ушул жылдын май айында Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнгөн: Агартуу министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп.

Агартуу министрлиги - мектепке чейинки, башталгыч, негизги жана жалпы орто билим берүү, баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү функцияларды аткарат. Бул тармакты Догдурул Кендирбаева жетектеп келүүдө.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги - илимий, илимий-техникалык жана инновациялык иш, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү, интеллектуалдык менчик чөйрөсүн тескейт. Аталган министрликти жетектөө милдети Бактияр Орозовго жүктөлгөн.

Агартуу министрлигинин базистик планына ылайык, быйыл билим берүү мекемелеринде окуу 1-сентябрда башталып, 25-майда аяктайт.

Жаңы окуу жылы жаңы окуу системи менен башталат

2025-2026-окуу жылынан тарта 12 жылдык билим берүүгө өтүү старт алат. Айта кетсек, бул системага өтүү бир нече этапта ишке ашат.

Ага ылайык, сентябрдан баштап 6 жаштагы балдар 1-класста, ал эми мектепке даярдоо курсун бүткөн балдар 2-класста окушат. 5 жана 7-класстар жаңы программалар жана окуу китептери боюнча билим алууга өтүшөт.

Маанилүү – мектеп бүтүрүүчүсүнүн жаш курагы эч кандай өзгөрбөйт жана 11 жылдык окуудагыдай эле бойдон калат. О-класс биринчи класс болот, мектепке балдар 6 жаштан тартып бара баштайт.

Мугалимдер жаңы ыкмаларга даяр болушу үчүн масштабдуу окутуу уюштурулган. Анда 80 устат-машыктыруучу STEM багыты боюнча 16 миңдей педагог, 37 миңден ашуун мугалим башка предметтер боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өтүшкөн.

Ал эми 2025-2026-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашуун ноутбук сатып алына турганы, 2025-жылы билим берүүгө мамлекет тарабынан 68,8 миллиард сом бөлүнгөнү айтылды.

Сабактардын убактысы

1-класстар үчүн сабактын узактыгы – 35 мүнөттү түзүп, сабактар аралыгындагы 10-15 мүнөттүк көнүгүү-музыкалык тыныгуулар менен коштолот. Бул 2-классттар үчүн 40 мүнөт, ал эми 3-11-класстар үчүн 45 мүнөттү түзөт.

Окуучулардын каникулдары

Окуучулар күзүндө 5-9-ноябрга чейин каникулга чыгышат. Сабактар болсо 10-ноябрда башталат. Кышкы каникул 12 күнгө созулат. Тактап айтканда, окуучулар 31-декабрдан 2026-жылдын 11-январына чейин эс алышат. Окуу 12-январда башталат. Жазгы каникул 6-мартта башталып, 8-мартта аяктайт.

Ал эми май айындагы майрамдарга (1-10-май күндөрү) байланыштуу окуучулар 10 күн эс алышат.

12 жылдык мектептин 1-классынын алты жаштагы окуучулары үчүн мектептик каникулдар кошумча 2 жумага узартылат. Тактап айтканда, II жана III чейректерде эс алуу ушул жылдын 24-декабрынан баштап 2026-жылдын 18-январына чейин созулат. Ал эми 2-класстын окуучулары үчүн каникулдар III чейректе кошумча 1 жумага узартылат.

Мугалимдердин айлыгы

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Биринчи Радиого берген маегинде 2026-жылы мугалимдердин айлыгы көтөрүлүшү мүмкүндүгүн айтып, бирок анын суммасын ачыктаган эмес.

"2026-жылдын апрелинде биринчи этап менен 2026-жылдын октябрь айы менен экинчи этап менен мугалимдердин айлыгы ишенимдүү түрдү көтөрүлүшү күтүлүп жатат. Бирок ошол эле учурда баарын теңдештирүү системасынан арылабыз. Баланын билим өскөн сайын мугалимдин айлыгы өсө турган системаны киргизебиз",- деди министр.

Тыюу салынат:

Агартуу министрлигинин базистик планына ылайык, сабак учурунда окуучуларды айыл чарба иштерине тартууга тыюу салынат.

Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылында мектептерде жалпы 93 696 мугалим иштесе, анын ичинен 87 385 мугалим мамлекеттик мектептерде эмгектенүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: