super.kg logo

Мурдагы полиция кызматкери көңүлдөшү бар экенин билип калган аялын өлтүрүп койду

 

Британиянын мурдагы полиция кызматкери Брайан Макманус жубайы Люсиль Энн Макманусту өлтүргөн деп Жоржияда өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

57 жаштагы киши Уорнер Робинс шаарындагы полицияга телефон чалып, аялы өз жанын кыйганын билдирген. Ал анын жансыз денесин ити менен сейилдөөдөн келгенден кийин тапканын айткан.

Бирок Макманустун жүрүм-туруму укук коргоо кызматкерлерине шектүү көрүнгөн. Ал аялынын өлүмүнө кайгыргандай көрүнгөн эмес.

Тергөө учурунда Макманустун Флоридада көңүлдөшү бар экени белгилүү болгон. Аны аялы телефонуна жазылган билдирүү аркылуу билип калган. Андан кийин күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аялын өлтүрүп койгон.

Макманус буга чейин бир нече аялга сексуалдык мүнөздөгү коркутууларды жасагандыгы үчүн Лондон полициясынан бошотулган. Сот аны күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: