Газада журналисттер балдар менен тилектештик үчүн ачкачылык жарыялашты
Газадагы бир топ журналисттер Израилдин блокадасынан улам ачарчылыкка кабылган балдарга тилектештик көрсөтүү үчүн ачкачылык жарыялашты. Алар бул кадамды "Газадагы эң кичинекей бала тамак жегенге чейин биз да тамак жебейбиз" деген ураан менен башташканын социалдык тармактар аркылуу билдиришти.
Журналисттер бул ачкачылык иш-чарасын 2 күн мурун баштап, эл аралык коомчулукту жоопкерчиликти өз мойнуна алууга жана бул кыймылга кошулууга чакырышты.
Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 20-июлда билдиргендей, 2023-жылдын октябрь айынан бери жардам жеткирүүгө тыюу салынгандыктан, 86 палестиналык (76сы жаш балдар) ачарчылык жана жетишсиз тамактануудан улам көз жумган.
Израилдеги араб коомчулугу менен иш алып барган Жогорку Байкоо Комитети да Газа менен Батыш Иорданиянын жээгинде улантылып жаткан блокада, ачарчылык жана кол салууларга каршы 3 күндүк ачкачылык жарыялай турганын билдирген.
