super.kg logo

“Мейкин Азия” фестивалына чакырылган Димаш Кудайберген Чолпон-Атага келди

 

Кыргызстандын Ысык-Көл жээгинде өтүп жаткан IV "Мейкин Азия" эл аралык популярдуу музыка аткаруучулардын фестивалына чакырылган дүйнөлүк музыка сахнасынын мега жылдызы Димаш Кудайберген Чолпон-Атага келди. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Аны ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев жана Маданият министрлигинин өкүлдөрү тосуп алышты. Казакстандын атын дүйнөгө тааныткан атактуу ырчы 2013-жылы Кыргызстан өткөргөн “Мейкин Азия” фестивалынын биринчи баш байгесин жеңип, алгачкы эл аралык ийгилигине дал ушул Ысык-Көл жээгинде жеткен. Андан бери он эки жыл өтсө да, Димаш Кыргызстанга, фестивалга жана бул жердеги күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык менен мамиле кылып келет.

“Димаш өзүнүн жүрөк сүйгөн ырларын кыргыз-казак элинин түбөлүк достугуна арнап, "Мейкин Азиянын" сахнасынан жүрөктөргө нур чачат. Ал дүйнөнү багынткан таланты менен кыргыз элине болгон урматын дагы бир жолу көрсөтүп жатат”,- деди Раев.

Он эки жыл аралыгында Димаш музыкалык Олимпти багындырды. Ага атактуу композиторлор Игорь Крутой, Ренат Гайсин, Уолтер Афанасьев чыгарма жазышып, ал дүйнөлүк сахналарда Пласидо Доминго, Хосе Каррерас, Лара Фабиан жана Хаузер менен бирге ырдады. Анын концерттери айрым учурларда жүз миңдеген күйөрмандар катышып аншлаг менен өтүп келет.

Султан Раевдин айтымында, Димаш “өзүм жете албай жатсам да, жүрөгүм дайыма Кыргызстан менен, Ысык-Көл менен, менин талантымды кастарлаган кыргыз музыка сүйүүчүлөр менен”,- деп дайыма билдирип келген.

“Мейкин Азия” — Борбор Азиядагы заманбап музыкалык фестиваль. Ал 2013-жылдан бери таланттуу жаш аткаруучуларды дүйнөлүк сахнага алып чыгуу максатында уюштурулуп келет. Фестиваль Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен өткөрүлөт. Бүгүнкү күндө “Мейкин Азия” — достук жана биримдиктин, маданий байланыштын ири эл аралык аянтчасы катары таанылды.

Фестивалга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан таланттар келип, өз өнөрлөрүн тартуулашууда. Бул жылы дагы иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, маданий дипломатиянын үлгүсү катары өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: