Кытайда саат үчүн 8 тонна таштанды иргелген

Кытайда баланын жоголгон акылдуу саатын тазалыкчылар төрт саат таштандыдан издеп таап беришкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматтарга караганда, окуя Датун шаарында болгон. Шэньчжэнден келген турист ыргытып жиберген аппаратты табуу үчүн эки тазалык кызматкерлери күндүн аптабында сегиз тонна таштандыны кол менен сорттоого аргасыз болушкан.
Аял баласынын саатын кокустан таштандыга ыргытып жиберген. Жайгашкан жерди көзөмөлдөө функциясынын жардамы менен гаджет темир жол станциясынын аймагында таштандыда экенин аныктоого мүмкүн болгон. Эртеси апасы муниципалдык бийликтен жардам сурап, таштанды чыгаруучу компания менен байланышып, сааттын таштанды таштоочу жайга алынып кеткенин билишкен.
Кызматкерлерге аппаратты таштандыдан табуу тапшырмасы берилген. Бул аларга төрт сааттан ашык убакытты талап кылган. Аял эмгеги үчүн сыйлык сунуштаган, бирок жумушчулар акчадан баш тартышкан. Бийлик бул окуяны туристтерге болгон жогорку деңгээлдеги камкордуктун жана коомго жан аябас тейлөөнүн мисалы катары көрсөткөн. Бирок интернет колдонуучулар бийликтин мындай чечимин сынга алышкан.
