super.kg logo

АКШда Трамптын NASA'га карата бюджеттик кыскартууларына нааразычылык күчөдү

 

АКШда Улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыктын (NASA) учурдагы жана мурдагы кызматкерлеринен турган 287 киши президент Дональд Трамптын агенттикке карата бюджеттик кыскартуу пландарына нааразы болуп, кат аркылуу билдирүү жасашты. Бул тууралуу CNN кабарлады.

"Вояжер билдирүүсү" деп аталган кат NASA'нын убактылуу директору Шон Даффиге жөнөтүлгөн. Катта акыркы 6 ай ичинде тез жана баш аламан жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр кызматкерлерге чоң зыян келтиргени белгиленген.

"Бул негизсиз кыскартуулар мыйзамга каршы келүү менен ишке ашырылды. Бул өзгөрүүлөр NASA үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн да олуттуу кесепеттерге алып келет",- деп жазылган катта.

NASA'дагы өзгөрүүлөр стратегиялык жана мыйзамдуу негизде ишке ашышы керектиги белгиленип, азыркы чечимдер агенттиктин келечегин кооптуу абалга алып келери эскертилген.

Эске салсак, Трамп 10-июлда Шон Даффини NASA'нын убактылуу директору кылып дайындаган. Ушул эле күнү Трамптын администрациясы федералдык мамлекеттик кызматкерлердин санын кыскартуу аракетинин алкагында, NASA'дагы 2145 жетекчи кызматкер кызматтан кетүүгө даярданып жатканы кабарланган.

Бул кызматкерлердин көбү Трамп сунуштаган - эрте пенсияга чыгуу, компенсация менен өз ыктыяры менен кетүү же мөөнөтүн узартып кызматтан бошоо пландары аркылуу агенттикти таштап кетээри айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: