super.kg logo

Унааларды мыйзамсыз каттоого шектүү кызматкерлер кармалышты

 
Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин айрым кызматкерлери кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, алар башка кызыкдар жарандар менен алдын ала макулдашып, транспорттук каражаттарды мыйзамсыз каттоо схемасын уюштурууга шектелишүүдө.
"Кыргызстанга Honda үлгүсүндөгү унааны толук комплекттелген тетик түрүндө алып келишкен. Андан кийин жасалма документердин негизинде толук кандуу транспорттук каражаттар катары мамлекеттик каттоого алынган. Шектүүлөр бул аракети менен белгиленген бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качышкан жана мыйзамсыз пайда алышкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча мамлекетке 15 677 910 сом зыян келтирилген",- деп билдирди ИИМ.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 31 жаштагы 2 жаран, 28 жаштагы бир жаран, 32 жаштагы 2 жаран, 41 жаштагы 1 жаран, 30 жаштагы 1 жаран кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: