"Эми биз жөнүндө баары билет". IT-компаниянын башчысы окуя боюнча пикирин билдирди
Astronomer аттуу IT-компаниянын убактылуу башчысы Пит ДеЖой компаниянын мурдагы башкы директорунун чуу жараткан окуядан кийин кызматтан кетишине байланыштуу алгачкы жолу комментарий берди. Бул тууралуу Business Insider жазды.
Компаниянын мурдагы башкы директору Энди Байрон HR бөлүмүнүн башчысы Кристин Кабот менен Coldplay концертинде эл алдында кучакташып турган учуру камерага түшүп калган. Ал көрүнүш чоң экранга чагылып, интернетте заматта вирус болуп тарап кеткен. Камерага түшүп калганын түшүнгөндөн кийин экөө тең дароо жашынууга аракет кылышкан. Бул видеонун негизинде интернетте миңдеген мемдер жаралып, жада калса спорттук оюндарда да сатиралык формада көрсөтүлдү. Көпчүлүк күйөрмандар ошол көрүнүштү тамаша иретинде аларды туурап, чоң экрандарда кайра жаратты.
"Бизге болгон бул көңүл буруулар күтүүсүз жана адаттан тыш болду. Бул жол менен болбосо жакшы болмок, бирок азыр Astronomer бардык үй-бүлөдө айтылып калды, эми биз жөнүндө баары билет", - деди Пит ДеЖой.
Окуя коомчулукка тарагандан кийин компания Байронду убактылуу кызматтан четтетип, анын ордуна ДеЖой убактылуу жетекчи болуп дайындалганын билдирди. Ошондой эле компаниянын директорлор кеңеши расмий иликтөө ишин баштаган. Бир күндөн кийин Байрон өз каалоосу менен кызматтан кеткен.
ДеЖой билдирүүсүндө компаниянын мурдагыдай эле сыноолорго туруштук бере аларын белгилеп өттү.
"Биз Astronomer компаниясын дээрлик он жылдан бери куруп келе жатабыз. Ар кандай кыйынчылыктардан өттүк жана ар бир жолу биз күчтүү болуп чыктык", - деди ал.
Энди Байрон үчүн бул окуя кесиптик гана эмес, жеке жашоосуна да терс таасирин тийгизди. Анын жубайы Facebook барагынан "Байрон№ деген фамилиясын алып салгандан кийин, бардык социалдык тармактардагы аккаунттарын өчүрдү.
Аталган видеонун автору да окуяга байланыштуу өз пикирин билдирген.
Маалымат үчүн: Astronomer – генеративдик жасалма интеллект жана маалыматтарды иштетүү тармагына адистешкен стартап. Анын кардарларынын катарында Uber, Ford, LinkedIn жана башка ири компаниялар бар.
Энди Байрон компаниянын башкы директору болуп 2023-жылы, ал эми Кристин Кабот 2024-жылы кадрлар боюнча директор болуп ишке кирген. Байрон буга чейин Каботту "инклюзивдүү корпоративдик маданиятты калыптандыруудагы лидерлиги жана ынтызарлыгы" үчүн ачык мактаган.
