Сокулукта жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип 34 жаштагы киши кармалды
Чүйдүн Сокулук районунун Кожомкул айыл өкмөтүндө жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат аныкталган фактылардын негизинде алдамчылыкка шектелип 34 жаштагы жаран кармалганын белгиледи. Ал жалпы 8,1 гектар аянтты түзгөн жер тилкелерин 4 сотуктан бөлүп, элдерге сатып жиберген. Ошондой эле шектүү кардарларына жерлерди сатуу учурунда тиешелүү инфраструктураны куруп берүүнү жана жер тилкелерин мыйзамдаштырууну убадалаган.
Ошону менен бирге жер тилкелерин мыйзамдаштыруу максатында Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын жер маселелери боюнча комиссиясы тарабынан мыйзам чегинде "гектарщиктерге" социалдык, маданий-тиричилик объектилери үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү зарылчылыгы боюнча тапшырма коюлган.
Бирок шектүү өзүнө жеке киреше алуу максатын көздөп, социалдык, маданий-тиричилик объектилери үчүн жер тилкелерин ажыратып берүүнү жасалма негизде кечеңдетип жүргөн. Ал сатып алуучулардын ишенимине кирип, өзүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарбастан жер тилкелерин сатууну алдоо жолдору менен ишке ашырган. Бул көрүнүш түздөн-түз Сокулук районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан жер реформасынын айланасындагы абалды туруксуздаштырууга алып келген.
Учурда буга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүрүүдө.


