super.kg logo

Тапшырмалар, кубанткан убада, макулдугун берген кызматкер... Ташиевдин Жалал-Абаддагы иш сапарында эмнелер болду?

 

Кечээ, 22-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон шаарында жана Ноокен районунда Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу батирлердин курулуш иштери менен таанышты.

Атайын кызматтын башчысы алгач барган Базар-Коргондо тиешелүү жетекчилерге жумушчуларды жергиликтүү элден алуу тапшырмасын койду. Анын айтымында, учурда чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар өлкөгө кайтып келип жатышат.

"Аз акча алат экен, жакшы иштейт экен" деп Бангладештен, Пакистандан келгендерди алып жатасыңар. Андай кылбагыла",- деди Ташиев.

Ошондой эле УКМКнын жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы кадрдык маселелерге кийлигишип жатканы тууралуу маалыматы бар экенин айтып, жергилктүү бийлик өкүлдөрүнө андай кийлигишүүлөргө жол бербөөнү тапшырды.

Ташиев Ноокен районунун Масы айылында болсо, МИКтин үйлөрү алгач мугалим менен дарыгерлерге берилиши керектигин айтты.

Ал жактан УКМКнын башчысын район акиминин орун басары тосуп алды. Ташиев акимдин кайда экенине кызыкканда район башчысынын орун басары ал азыр келерин, бир күн мурун Бишкекке иш сапары барганын айтып жооп берди. Ташиев президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерине аким кайда болгонун тактап, маалымат берүүнү тапшырды.

Атайын кызматтын башчысы Масы айыл өкмөтүнүн башчысынан анын ишмердүүлүгүн текшертүүгө макулдугун алды.

"Сени ушул Жалал-Абад облусундагы айыл өкмөттөргө үлгү кылып туруп, бир текшербейлиби? Кылган ишиңди текшерели, элден сураштыралы, анан жер сатып жиберген же мыйзам бузган болсоң жоопко тартыласың. Ушуга макулсуңбу? Эч кандай нааразычылыгың болбойбу?" - деди УКМК жетекчиси.

Ташиев кайрадан акимдин орун басарына көңүл буруп, кызматында 4 жылдан бери отурганына таң калды. УКМК башчысы анын кызматтан жылбаганын начар иштегенинен же колдоочусу жоктугунан деп жоромолдоду. Акырында ага жакшы жаңылык айтып, өлкөнүн түндүк тарабындагы райондордун бирине аким кылып жиберүүнү убадалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: