super.kg logo

Орбан: "Зеленский коркутууда, бирок биз коркпойбуз"

 

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украина президенти Владимир Зеленскийдин коркутууларына жооп берип, Будапешт андан коркпой турганын билдирди. Бул тууралуу Венгрия өкмөтүнүн өкүлү Золтан Ковач социалдык тармактагы билдирүүсүндө маалымдады.

"Зеленский дагы бир жолу Венгрияны коркутууда. Биз бул билдирүүнү олуттуу кабыл алдык, бирок биз аны коркунуч катары көрбөйбүз",- деди Орбан

Ошондой эле Ковач Украинанын Венгриянын ички саясатына тийгизип жаткан таасири өтө чоң экенин баса белгиледи.

Мунун алдында Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Украин президенти венгерлерге, айрыкча Закарпатьеде жашагандарга, душмандай мамиле кылып жатканын айткан.

"Зеленский Венгрияга, венгер элине жана Закарпатьедеги венгерлерге өтө кастык мамиле кылууда. Бирок ал кандай коркутса да, Венгрия Украинанын Европа Биримдигине мүчө болушун колдобойт. Брюсселди шантаж кылганы да жардам бербейт",- деди Сийярто.

Ал ошондой эле акыркы жумада Закарпатьеде венгер улутундагы жаран аскердик мобилизация учурунда мерт болгонун, чиркөө дубалдарына антивенгердик ураандар жазылып, өрттөлгөнүн эске салды.

Буга кошумча, Венгрия Евробиримдиктен Украинанын Коргоо министрлигинин үч кызматкерине санкция салууну талап кылууда. Бул кызматкерлер Закарпатьелик венгер Йожеф Шебештьендин өлүмүнө себеп болгон мажбурлуу мобилизацияны уюштурган деп эсептелүүдө. Санкциялар жарыяланмайынча, Венгрия аталган үч офицерге, анын ичинде кургактагы аскер күчтөрүнүн штаб башчысына өлкөгө кирүүгө тыюу салганын жарыялады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: