Жеймс Бонд болгусу келген... Англиялык киши Орусияга тыңчы болууга аракет кылып кармалды
Англияда 65 жаштагы Говард Филлипс аттуу киши Орусиянын тыңчысы болууга аракет кылганы үчүн камакка алынды. Ал өзүн "Жеймс Бонд" сыяктуу элестетип, чыныгы жашоодо тыңчы болууну кыялданып жүргөн. Бул тууралуу англиялык маалымат каражаттары кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Филлипс Улуу Британиянын мурдагы коргоо министри Грант Шаппстын жашаган дарегин жана башка купуя маалыматтарды "Саша" жана "Дима" деген адамдарга берүүгө аракет кылган. Бирок бул экөө чындыгында Британиянын атайын кызматтарында иштеген жашыруун кызматкерлер экени кийин билинген.
Ал WhatsApp аркылуу байланышып, 2024-жылдын 9-майында Лондон менен Эссекс шаарындагы соода борборунда жолуккан. Сүйлөшүүдө "Москва" деген сөздүн ордуна "апа" деген сөздү колдонуп, шек жаратпаганга аракет кылган.
"Апа менин иштеримди толук түшүнөт деп ишенем",- деп айткан ал.
Филлипс Лондондогу темир жол бекеттеринин жанындагы велосипедге флешка таштап кеткен. Ал флешкада чет мамлекетке кызмат кылууга даяр экенин билдирген документ болгон.
Прокурорлор анын акча табуу максатында мындай ишке барганын айтышууда. Анын мурдагы жубайы болсо, ал тыңчылыкка кызыгып, MI5, MI6 тууралуу фильмдерди көп көрөрүн жана "Жеймс Бонд болууну" кыялданып келгенин айткан.
Сот чечими азырынча чыга элек. Бирок Филлипс жаза угулганга чейин камакта болот.
