Камчыбек Ташиев Жалал-Абадда бир катар курулуштарды кыдырды








Бүгүн, 23-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жаңы имаратынын жана борбордук аянттын курулушунан кабар алды.
Анда курулушту сапаттуу жана тез бүткөрүү, жаңы имараттын айланасын иретке келтирүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилди.
Ага ылайык, Жалал-Абадда жаңы филармония салынат. Ага эки гектардан ашык жер ажыратылып, курулушту баштоого даярдыктар жүрүүдө. Мындан сырткары УКМК төрагасы филармониянын жанына жаңы музей салууга жер бөлүп берүү тапшырмасын койду.
Алдыда Жалал-Абад шаарынын ичиндеги бардык базарлар, автоунаа оңдоочу жана тейлөөчү жайлар шаар сыртына чыгарылат. Ал эми Түмөнбай Байзаков проспектиси кеңейтилип, шаар ичи толугу менен иретке келтирилет.
Камчыбек Ташиев ошондой эле “Жеңиш” паркындагы курулуш иштеринен кабар алды. Сейил бакты эл эс ала тургандай жайлуу, коопсуз кылып салууну жана сапатына көңүл бурууну эскертти. Аны менен катар парктагы согуш окуяларынын жана тарыхый инсандардын эстелиги үчүн өзүнчө жай уюштурууну тапшырды.
УКМК башчысы чет өлкөдө жүргөн кыргызстандык жарандар мекенге келип, ишкердик баштаса, бийлик тарабынан колдоого алынарын белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:04
2025-07-23

21:37
2025-07-23

20:12
2025-07-23

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.