Түрк аскерлери Сириянын президентин үч жолу өлүмдөн сактап калган
Сириянын өткөөл мезгилдеги президенти Ахмед аш-Шараа акыркы жети айда үч жолу кол салуу аракетине кабылган. Бул тууралуу түркиялык Yeni Şafak басылмасы жазды.
Алгачкы кол салуу Дамасктагы Каср аш-Шааб хан сарайынын чыга беришинде болгон. Түрк коопсуздук күчтөрүнүн ыкчам кийлигишүүсүнүн натыйжасында кол салган киши өлтүрүлгөн.
Экинчи окуя Иордания менен чектеш Дараа провинциясында болгон. Анда Шараанын бул аймакка сапары маалында Сириянын жана Түркиянын коопсуздук күчтөрү президенттин кортежине кол салууга аракет кылган эки шектүүнү кармашкан.
Үчүнчүсү ал Дамаскта куралдуу буктурмага кабылган. Басылманын маалыматына караганда, түрк жана жергиликтүү чалгын кызматтарынын биргелешкен аракети менен кол салуу аракети токтотулган. Бул окуядан кийин Ахмед шашылыш түрдө борбордон чыгып кетип, коомчулукта кеңири резонанс жараткан.
Израилдик жана араб булактары окуянын чоо-жайын коомчулукка ачыктабоо боюнча буйрукту аш-Шараа өзү бергенин билдиришкен.

