Москвада мигранттар жашаган жатаканадагы өрт бир адамдын өмүрүн алды
Москванын Мытная көчөсүндө жайгашкан жатаканадан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу кечээ, 23-июлда ТАСС агенттиги өзгөчө кызматтарга шилтеме берүү менен билдирди.
ЖМКлардын маалыматына караганда, жатаканада мигранттар жашап жатышкан.
"Өрттүн чыгышынын алдын ала себеби катары электр тармактарынын авариялык режими, анын көп сандагы туташкан түзүлүштөр менен ашыкча жүктөлүшү саналат. Өрттүн бардык мүмкүн болгон себептери каралат. Өрт өчүрүлгөндөн кийин батирден бир адамдын жансыз денеси табылган. Жабырлануучулардын 9у ооруканага жаткырылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жалпы 17 уктоочу орун бар. Москванын Тергөө комитети шалаакылыктан адам өлүмүнө алып келүү беренеси боюнча иш козгоду",- деп белгиленди маалыматта.
Жабыркаган мигранттар кайсыл өлкөнүн жарандары экендиги айтылган эмес.
