super.kg logo

Керемет! Жарандын жүрөгү 45 мүнөткө токтоп, кайра согуп кетти

 

Улуу Британияда 45 мүнөт клиникалык өлүмдү башынан өткөргөн Стив Далтон толугу менен айыгып кеткен. Бул тууралуу Need To Know порталы билдирди.

Маалыматка ылайык, 64 жаштагы киши кызы Кейт менен бакчада балдар аянтчасын куруп ойноп жардам берип жатканда эсин жоготуп жыгылган. Кишинин жүрөгү токтоп калган. Анын 40 жаштагы уулу Сэм дароо "Тез жардам" чакырган.

Дарыгерлер адамдын өмүрү үчүн үч сааттан ашык күрөшкөн, бирок анын жүрөгү 45 мүнөттөй соккон эмес. Дарыгерлер алты жолу дефибриллятор (жүрөк соктургуч) колдонушкан.

Стив ооруканага эс-учун жоготкон абалда жеткирилген жана дарыгерлер анын мээси кычкылтектин жетишсиздигинен мурда эле катуу жабыркаган деп айтып, аман калууга эки пайыз гана мүмкүнчүлүк беришкен.

Бирок жүрөгү токтогон киши, кайра дем алып баштаган. Көп өтпөй оорубаган адамдай эле жакындары менен өз алдынча сүйлөшө баштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: