super.kg logo

Япониянын премьер-министри кызматтан кетүү тууралуу маалыматты четке какты

 

Япониянын премьер-министри Сигэру Исиба жогорку палатадагы шайлоодо башкаруучу партия жеңилгенден кийин кызматтан кетип жатат деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Исиба шайлоолордо Япониянын либералдык-демократиялык партиясынын (ЛДП) утулуп калганы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, кызматтан кете турганын ушул айда жарыялоого ниеттенип жатканын кабарлашкан. Башка маалымат каражаттары бул чечим август айында жарыяланышы мүмкүн деп болжолдошкон.

Саясатчы анын отставкасы тууралуу маселе талкууланбаганын билдирди.

ЛДП 1955-жылдан бери биринчи жолу парламенттин эки палатасындагы көпчүлүктү жоготту жана Исиба баштаган өкмөткө болгон ишеним 20 пайызга түшүп кетти. Бул өтө төмөн деңгээл деп эсептелет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: