super.kg logo

Телефонун алып койгон.  Небереси чоң энесине кол салды

 

Орусиянын Приморка айылында өспүрүм чоң энеси телефонун алып койгону үчүн аны бычак менен сайып салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, 16 жаштагы кызга чоң энеси "телефон карай бербе" деп эскертүү бергенин уккан эмес. Буга ачууланган энеси гаджетти күч менен тартып алууга аракет кылган. Кыз столдун үстүндө турган бычакты алып, пенсионерге кол салган. Анын көкүрөгүнө жана далысына бычак сайылганы айтылды. Пенсионер ооруканага жаткырылган.

Белгиленгендей, дарыгерлер аялдын көк боору жарылып кеткенин да айтышкан.

Жашы жете элек кыз киши өлтүрүүгө аракет кылган деп айыпталууда.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: