super.kg logo

Украина менен Орусия сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасында эмнелер айтылганы белгилүү болду

 

Кечээ, 23-июль күнү Стамбул шаарында Орусия менен Украинанын сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы болуп өттү. Сүйлөшүү болжол менен 40 мүнөткө жакын созулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Украина Парламентиндеги адам укуктары боюнча өкүл Юрий Ковбаса билдиргендей, 3 жылдан ашуун убакыттан бери туткунда болгон адамдарды бошотуу боюнча Орусия тарап макулдугун берди. Азыркыга чейин 1 200 туткун алмаштырылган. Украина согуш учурунда туткундалган балдардын жана жөнөкөй жарандардын бошотулушун каалайт.

Украинанын талаптары жана сунуштары:

  • Биринчи кезектеги максат - Украина президенти Владимир Зеленский менен Орусия президенти Владимир Путиндин түз жолугушуусун уюштуруу.
  • Бул жолугушууга АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын катышуусу да баалуу болот деп эсептешет.

"Биз тынчтык жана ок атышууну токтотуу боюнча маанилүү сүйлөшүүлөргө даярбыз. Бирок бул үчүн экинчи тарап да чыныгы кадамдарга барышы керек",- деди Умеров.

Орусияга августтун аягына чейин лидерлердин жолугушуусун өткөрүү сунушталды. Эгер Орусия муну кабыл алса, анда Москва чындап конструктивдүү позицияда экенин көрсөтөт дешти.

"Эгерде Орусия "биз бүгүн тынчтыкка даярбыз" десе - ок атышууну токтотуу ошол замат башталат",- деп баса белгиледи Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы.

Орусия 24 же 48 сааттык убактылуу тынчтык уюштурууну сунуштап, жарадарлар менен каза болгондорду алып кетүүгө шарт түзүүнү айтты.

Саясий прогресс жай жүрүп жатканына карабастан, Украина гуманитардык маселелерде бир катар жылыштарга жетишкенин билдирди.

"Биз согушту баштаган тарап эмеспиз. Эң оор жоготууларды тартканыбызга карабай, адилет тынчтык үчүн аракетибизди улантабыз",- деди Украинанын өкүлү Георгий Тихий.

Түркиянын президенти Эрдогандын лидер катары тынчтыкка салымы өзгөчө бааланды.

"Түркия эч ким жасабаган ишти жасады. Биз муну жогору баалайбыз. Бул формат менен жыйынтык чыкты",- деди Тихий.

Орусия тарап өз сунуштарын "меморандум" деп атаган. Бирок Украина муну "тек гана долбоор" деп эсептейт.

"Украинанын сунуштары логикалык, ишке аша турган сунуштар. Орусияныкы - ультиматумга окшош, өз кызыкчылыгын көздөгөн талаптар",- деди Тихий.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саясий тарапта чоң жетишкендик жок. Бирок гуманитардык маселелерде алдыга жылыштар болду. Жарадар туткундардын алмашуусу боюнча Орусия макул болду.

"Бизге чыныгы тынчтык керек. Согуш бүтүшү үчүн биринчи ок атышуу токтоп, дипломаттар сүйлөшө алышы керек",- деп жыйынтыктады украин делегациясы.

Орусия тарап жаңы макулдашуулар аткарылгандан кийин төртүнчү сүйлөшүү болушу мүмкүн экенин айтты. Кийинки сүйлөшүүлөр боюнча чечим азырынча кабыл алынган жок.

Эске салсак, бул Стамбулда өткөн Украина-Орусия сүйлөшүүлөрүнүн үчүнчү айлампасы болду. Буга чейин биринчи сүйлөшүү 16-майда, ал эми экинчи сүйлөшүү 2-июнда болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: