super.kg logo

Ошто алдамчылыкка шектелип кармалган жаран милицияга пара берди (видео)

 
Ош шаарында алдамчылык менен алектенген жаран милиция кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жаран 2024-2025-жылдар аралыгында чет өлкөнүн жарандарына “Whatsapp” жана “Telegram” мессенждерлери аркылуу чалып, өзүн күч түзүмдөрүнүн кызматкери катары тааныштырып, ишеничтерине кирип келген.
"Милицияга чет өлкөнүн жараны 1993-жылы туулган Х.И. кайрылып, “Whatsapp” мессенджеринен белгисиз жаран өзүн “Ош ОИИБинин башчысымын”, 100 баш кочкор койлордун ар бирин 11 000 сомдон сатып жана бажы аркылуу алып өтүүнү өзүм чечип беремин” деп алдап Ош шаарына чакырып, жалпы 12 000 доллар акча каражатын алып кеткендигин айтып берген. Шектүү бул кылмыштуу аракеттеринен улам жарандарга 4000-15000 долларга чейин материалдык зыян келтирген",- деп белгиленген маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иш козголду. Натыйжада А.А. тергөөгө жеткирилгенде Ош ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысына 30 миң доллар акча каражатын пара катары сунуштаган.
Ушул эле күнү Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин (Пара берүү) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жалпысынан 1 миллион 100 миң сом акчасын пара катары берип жаткан учурда кармалган.
Ага сот тарабынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.





Ош облусунун милициясынын башчысы катары тааныштырып жүргөн жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: