Кыргызстан курулуш иштеринин көлөмү боюнча ЕАЭБде лидер болду
Кыргызстан курулуш иштеринин көлөмү боюнча ЕАЭБде лидер болуп калды. Мындай маалыматтарды ЕЭК эксперттери билдиришти.
Маалым болгондой, жалпы Евразия экономикалык биримдигинде курулуш иштеринин көлөмү 2025-жылдын январь-май айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,8 пайызга өскөн.
Биримдиктин бардык өлкөлөрүндө өсүш байкалган. Эң жогорку көрсөткүч Кыргызстанда катталып, 1,9 эсеге көбөйгөн. Андан кийин 29 пайыз менен Армения, 15,4 пайыз менен Казакстан, 12,3 пайыз менен Беларус жана 5,5 пайыз менен Орусия турат.
Эске салсак, ЕЭКтин статистикасы боюнча өткөн жылдын аягында Кыргызстан 38,3 пайыз менен курулуштун көлөмү боюнча ЕАЭБде лидер болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.