super.kg logo

Социалдык тармактарда өзүн Таластын "смотрящийи" катары тааныштырып жүргөн жигит кармалды (видео)

 
Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан Манас айылынын 2001-жылы туулган тургуну О.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Алынган маалыматтарга караганда, Instagram социалдык тармагында аталган жарандын катышуусундагы "Таластын смотрящий баласы" аттуу видео-ролик жарыяланды. Анда аталган жаран Чат-Базар, Кара-Суу жана Манас айылдарынын тургундарын “Бүт Кыргызстанды кармагым келет.... бирөө кыңк десе эле өлөт” деп коркутуп, өзүн аталган айылдардын көзөмөлчүсү катары көрсөткөн.
Кармалган жаран УКТнын мүчөсү эмес, анын билдирүүлөрү юмордук мүнөздө болгондугу аныкталды. Ага жана анын жакындарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
УКМК бүгүнкү күндө Таласта УКТнын мүчөлөрү жок экенинин эскертти.





24.07.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: