Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы кайсы жерде өтөрү айтылды
2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы Бишкектеги жаңы стадиондо өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Министрдин айтымында, оюндардын ачылышы жана жабылышы Бишкекте өтөт. Жаңы стадион 50 миң адамга ыйгаштырылган.
Оюндардын ачылышына дүйнөлүк жылдыздар келет жана көчмөндөрдүн символу суу болот. Иш-чарада кандай өзгөчөлүктөр болору азырынча айтылган жок.
“Бул нерсе азырынча “сюрприз” болуп турсун”,- деди Мамбеталиев.
"Жылдыздардын катарында Димаш Кудайберген келиши мүмкүн",- деди министр. Ал эми оюндар Ысык-Көлдө жана Кырчын жайлоосунда өткөрүлөт. Ал жакта этно шаарча курулат.
Иш-чарага мамлекет тарабынан акча бөлүнөт, бирок азырынча так суммасы айтыла элек.
Маданият министри
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:53
2025-07-25

18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.