super.kg logo

Бразилия Израилге каршы Гаагадагы сот ишине кошулганы жатат

 

Бразилия Израилге каршы Гаагадагы Эл аралык Адилет сотунда (UAD) жүрүп жаткан геноцид ишине катышуу үчүн акыркы даярдыктарды көрүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалым болгондой, бул ишти 2023-жылы Түштүк Африка Израилди Газа тилкесинде палестиналыктарга карата "геноцид жасады" деп баштаган.

Бразилия Тышкы иштер министрлиги Газадагы зомбулукка, аялдар менен балдарга карата чабуулдарга кабатыр болуп жатканын билдирди. Ошондой эле гуманитардык жардам таратылып жаткан учурдагы кан төгүүлөр да эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.

Бразилия "мындай зомбулукка көз жумуп тура албайбыз" деп билдирип, Түштүк Африканын доосун колдоого ниеттенүүдө.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 7-октябрынан бери Израилдин чабуулдарынан Газа секторунда кеминде 59 миңден ашык палестиналык каза болуп, 140 миңден ашууну жаракат алган.

Түштүк Африка Израилди "Геноциддин алдын алуу жана жазалоо жөнүндө" БУУ келишимин бузду деп айыптап, Израилге убактылуу чектөөлөрдү киргизүүнү соттон сураган. Сот 2024-жылы үч жолу чечим чыгарып, Израилге:

  • Геноцидге жол бербөө үчүн чара көрүү,
  • Аскердик операцияларды токтотуу,
  • Сотко тынымсыз маалымат берүү милдетин жүктөгөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: