Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Алтайга барды






Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусиянын Алтай Республикасына жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басы сөз кызматы билдирди.
Касымалиевди Тоолуу-Алтай шаарынын аэропортунан Алтайдын башчысы Андрей Турчак жана башка расмий кызмат адамдары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Касымалиев жумуш сапарынын алкагында эл аралык экологиялык конференцияга катышат. Анын жүрүшүндө бир катар мамлекеттердин өкмөт башчылары менен биргеликте конференциянын пленардык жыйынында сөз сүйлөйт. Ошондой эле, конференциянын алкагында тажрыйба алмашуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрү каралат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:17
2025-07-25
22:10
2025-07-24
Рейтинг:
0

