super.kg logo

Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаев кайрадан кармалды

 

Кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга жана уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоого шектелип келген Жалил Атамбаев кайра кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал аталган фактылар боюнча былтыр кармалганын, бирок башка жакка кетпөө түрүндөгү милдеттенме менен коё берилгенин белгиледи. Бирок Атамбаев ал милдеттенмени бир нече жолу бузууга барган. Тагрыгаагы, айыпталуучу тергөө органдарынын чакырууларына келбей койгон.

Мындан улам ал кайрадан кармалып, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен №21 мекемеге камакка алынган.

Эске салсак, мурдагы милиция кызматкери, Оштогу байлардын сап башында делген Жалил Атамбаев былтыр август айында УКМК тарабынан кармалган. Атайын кызмат ал Өзбекстандын кылмыш чөйрөсүнүн лидери Салим Абдувалиевден (Салим Байбача) колдоо алып келгенин билдирген болчу.

Атамбаев 2021-жылы да "Мыйзамсыз баюу" фактысы боюнча шектелип кармалып, кийин келтирилген зыяндын ордун толтуруп абактан чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: